• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайыңды шаарынын тургундары акысыз юридикалык жардам алышат

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 1-октябрында Чүй облусунун Кайыңды шаарында Юстиция министрлигинин акысыз юридикалык жардам борборунун (АЮЖБ) ачылышы болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы кеңсе жарандарды Кайыңды шаары, Садовая көчөсү, 7 дареги боюнча кабыл алууга даяр.

Иш-чарага юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков, Панфилов районунун акими Маил Алияскаров, БУУӨПтүн өкүлү Эркин Касыбеков, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү жана АЮЖБ кызматкерлери катышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 32 ушундай АЮЖБ иштеп жатат, алар жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган ("Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык).

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам юридикалык жардам көрсөтүүнүн эки маанилүү багытын камтыйт: акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору тарабынан жарандарга юридикалык маалымат берүү жана юридикалык кызматтарды көрсөтүү (алгачкы акысыз юридикалык жардам) жана сот процессинде колдоо, соттук жана процесстик жардам жана адвокаттардын өкүлчүлүгү (экинчи акысыз юридикалык жардам).

КР Юстиция министринин орун басары Сыдыков Орозбек белгилегендей, Кайыңды шаарында бүгүн ачылып жаткан акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунда мыйзамга ылайык алгачкы юридикалык жардам көрсөтүлөт. Мамлекеттик нотариус, квалификациялуу адистер, юристтер аймактык юстиция башкармалыгы тарабынан бекитилген иш графигине ылайык калкка консультация беришет. Жарандар социалдык абалына, материалдык абалына, жарандыгы бар же жоктугуна карабастан укуктун бардык тармактары боюнча юридикалык консультацияларды, ошондой эле арыздарды жана кайрылууларды берүү боюнча кеңештерди алышат.

Экинчи юридикалык жардамды көрсөтүүдө Юстиция министрлигинин Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору жарандарга сотто коштоп жүрүү үчүн адвокат дайындайт. Бул кызмат процесстин бардык стадияларында: кылмыш, жарандык жана административдик иштердин алкагында көрсөтүлөт жана Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардамдын адвокаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген адвокаттар тарабынан гана аткарылат.

Консультациялардан тышкары АЮЖБ негизги милдеттери - укуктук билим берүү, укуктук маалымат, калктын аялуу катмарынын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү, жарандардын айрым категорияларынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга болгон укуктарын камсыз кылуу.

Борборлордун ачылышы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо үчүн сот адилеттигине туруктуу жеткиликтүүлүккө карай” долбоорунун алкагында кызматташуусу менен мүмкүн болду.

Пикир

Оставить комментарий