• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өсүп-өнүгүү каалайм! Өзбекстандын президенти Мамытовду жана кыргыз элин Жаңы жыл менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Биздин тарыхый достук жана жакшы кошуналык мамилелер менен тыгыз байланышкан боордош элдерибиздин көп тараптуу жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарындагы жигердүү өнүгүүсү өзгөчө кубандырат. Кийинки жылы биздин өз ара ишеним менен сый-урматка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүбүз толугу менен жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө шек жок», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Талант Мамытовго бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, молчулук жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий