• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалда 1,17 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Чаткалда 1,17 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, станцияларды орнотуу “Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо" долбоорунун алкагында Япониянын колдоосунда ишке ашырылды.

"Станциялар реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат, бул калктын коопсуздугун жакшыртат", - деп айтылат маалыматта.

Демилге Япония БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад жана Нарын облустарында кар көчкүнүн мониторингинин үч станциясын түзүүгө колдоо көрсөттү максатында ишке ашырылган. Анын жалпы суммасы 1,17 млн долларды түзөт.

Объекттерди ишке берүү аземине Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, БУУнын “Өнүктүрүү”программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева, ӨКМдин жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий