• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара чыры: Уларбек Шаршеев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев "Кабар" агенттигине кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча Тажикстан тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Шаршеевдин айтымында, сүйлөшүүлөр оор болуп, бирок эки жак бир пикирге келген.

"Сүйлөшүүлөр оор өттү. Бирок, жыйынтыгында биз кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өзүнүн дайым орун алган жерлерине кайтарууну, чек араны кайтарууну күнүмдүк тартипте жүргүзүү чечимине келдик. Ошондой эле, ички иштер органдары да Кыргызстандын Максат жана Тажикстандын Каларча конуштарында биргеликте күзөт кылууну сүйлөшүштү", - деди ал.

Андан тышкары, Шаршеев билдиргендей, кайсы тарап биринчи ок атканы боюнча аскер прокуратура жана ички иштер органдары тергөө жүргүзүп жатат.

Чек ара кызматынын башчысынын айтымында, Тажикстан тарап чек ара постунун курулушун макулдашылбаган тилкеде жүргүзгөн.

"Биз ал жерди Максат конушуна карайт, биздин жер деп эсептесек, алар аны өзүбүздүн жер деп эсептейт", - деди ал.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Жыйынтыгында кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып (7 аскер, 6 тургун), 1 аскер кызматкери көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий