• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арада кыргызстандык жаран жасалма паспорт менен кармалды

Коом 0

Бишкек, 20.04.19. /Кабар/. Чек арада кыргызстандык жаран жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жаран 19-апрель күнү "Токмок-унаа жолу" көзөмөл өткөрмө пунктунда кармалган.

"Кыргызстандын 30 жаштагы Ш.У. аттуу жараны Казакстанга бара жаткан. Ал, паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатып ID-card көрсөткөн. Бирок, документти текшерген чек арачылар ал жасалма экенин аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык кармалып, тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий