• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: "Челси" – "Аякс" командасынын оюну 4:4 эсебинде жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 4-турунда "Челси" командасы "Аякс" менен оюн өткөрдү.

Беттеш 4:4 эсебинде жыйынтыкталды. "Аякстын" оюнчулары Тэмми Абрахам, Квинси Промес, Кепа Аррисабала жана Донни ван де Бек гол киргизишти. Ал эми, "Челсинин" оюнчулары Жоржиньо (2 гол), Сесар Аспиликуэта, Рис Джеймс каршылашынын дарбазасын бош калтырган жок.

H тайпасындагы эки команда 7 упай менен бир сапта жайгашышты. Ошондой эле "Валенсиянын" дагы 7 упайы бар.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 4-турунда дагы бир катар оюндар болуп өттү. Алар "Зенит" менен "Лейпциг" (0:2), "Наполи" менен "Ред Булл" (1:1), "Лион" менен "Бенфика" (3:1).

Пикир

Оставить комментарий