• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Чоң-Алай районунда турак үй толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Чоң-Алай районунда жылытуучу мештен өрт чыгып, турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя күн мурун, 23-августта Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Ачык-Суу айылында болгон.

Өрттүн жалпы аянты 192 чарчы метрди түзгөн, тилсиз жоо жанында жайгашкан №5 үйгө өтүп, жыгач устунду шифер менен жабылган чатырдын 121 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий