• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң-Алайда тоо туризм фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда тоо туризм фестивалы өтөт. Бул тууралуу КРнын Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтик иш-чара 20-июль күнү Чоң-Алай районунда Ленин чокусунда өтөт. Анын алкагында фолклордук концерт, жарманке, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү жана башка кызыктуу иш-чаралар өтөт.

Фестивалдын программасы:

10:00 – катышуучуларды каттоо;

11:00 – ачылыш аземи;

11:30 – концерттик программа;

12:30 – кыргыз көчү;

13:00 – түшкү тамактануу;

14:00 – спорттук оюндар;

16:00 – ат оюндары;

18:00 – жыйынтыктоочу концерт.

Пикир

Оставить комментарий