• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокатта көчөдө мыйзамсыз соода кылгандар айыпка тартыла баштайт

Аймак 0

Ош, 21.06.19 /Кабар/. Ош облусунун Ноокат шаарында көчөдө мыйзамсыз соода кылгандарга карата чара көрүлө баштайт. Бут тууралуу Ноокат шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, Ноокат мэриясы биринчилерден болуп, “Бузуулар тууралуу” мыйзамдын алкагында көчөдө мыйзамсыз соода кылгандарга жана белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштагандарга карата протоколдорду толтуруп баштаган.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жаңы кодекске ылайык эреже бузуучуларга карата протоколдорду толтуруп, айып салуусу үчүн укук-коргоо органдарына өткөрүп берип турушат.

Пикир

Оставить комментарий