• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто милиция окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23./Кабар/. Ош шаарында өспүрүмдөр арасында укук бузууларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштери алгач Ош шаарындагы №2 К.Маркс атындагы, №8 Горький атындагы, "Олимп" мектеп-гимназияларында 9-11-класстын окуучулары арасында өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын прокурорунун орун басары Абдирашит Кубатидинов, Ош шаарынын мэриясынын, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышууда.

Анын алкагында катышуучулар менен кызыктуу пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий