• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас облусу боюнча ишембилик өткөрүлүп, көчөттөр отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 12.03.23./Кабар/. Бүгүн, 11-мартта Талас облусу боюнча мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери ишембиликке чыкты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери баардык ишкана, мектеп, бала бакча, жогорку окуу жайларда жана Суусамыр - Талас - Тараз эл аралык жолунун жээгинде өткөрүлдү.

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов да ишембиликке катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо жана экологияга аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети деп белгиледи. "Мындай жөрөлгөнү салтка айлантып ишембиликтерди мезгил-мезгили менен уюштуруп турууну колго алабыз”, - деди ал.

Белгиленгендей, айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча ишембиликтер КР президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий