• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында 65 жаштагы жоголуп кеткен адам аман табылды

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Нарында 65 жаштагы жоголуп кеткен адам аман табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, ӨКМге 25-август күнү саат 07:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районундагы Алыш айылында 65 жаштагы эркек киши мал кайтарып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Нарын шаардык №16 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылып, натыйжасында ал адам аман-эсен табылып, тез жардам кыматкерлерине өткөрүлүп берилген. Абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий