• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү чириген абалда табылды - милиция тергөө ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү чириген абалда табылды, милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ, 26-апрелде саат болжол менен 10:59да Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө айылдардын биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кайрылуу боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Октябрь айылындагы Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү чириген абалда табылган. Сөөктүн жынысын жана өздүгүн аныктоого мүмкүн болбой калган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий