• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атада IV “Мекендештер-2018” форуму башталды

Аймак 0

Чолпон-Ата, 08.08.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мекен тагдыры - менин тагдырым” ураанынын алдында IV “Мекендештер-2018” форуму башталды.

Форумдун расмий ачылышы бүгүн өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева катышууда. Бүгүнкү иш-чаралар ырчылардын мекен, элдин биримдиги жөнүндөгү ырларды аткаруусу менен башталды.

Форум Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда 7-августтан 9-августка чейин өтөт. Биринчи күнү улуттук тематикадагы маданий программа көрсөтүлгөн. Катышуучулар “Жамийля” спектаклине, элечектин демонстрациясына күбө болушкан.

Бүгүнкү күнгө Жогорку Кеңештин депутаттарынын, министрлердин, эксперттердин жана кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар пленардык отурумдар пландалган.

Форумдун жыйынтыктоочу күнүндө катышуучулар Ысык-Көл боюнча экскурсиялык турга жөнөшөт.

Маалымат үчүн: “Мекендештер форуму” – чет өлкөдө жашаган мекендештердин, бирикмелердин жана кыргызстандыктардын диаспораларынын конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтча. Ал 2012-жылдан бери эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун грантынын алкагында Кыргызстандагы эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2 жылда бир өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий