• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Россиянын аскердик кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. 4-5-октябрда Чолпон-Ата шаарында коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартовдун катышуусунда Кыргызстан менен Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиясынын 17-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын коргоо ведомстволорунун аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы актуалдуу маселелер жана мындан аркы өнүгүүсү талкууланды.

Отурумдун соңунда тараптар эки мамлекет ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий