• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто кумарканаларды жабууга аракет кылган милиция кызматкерлерине басым болууда

Коом 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Ош шаарында милиция кызматкерлери 2018-жылдын январь айынан 2019-жылдын май айына чейинки аралыкта көмүскө кумарканаларды уюштурганга шектүү катары 9 жайды аныкташкан. Бул тууралуу Ош шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, алардын айрымдарынын үстүнөн бир нечеден тергөө иштери жүргүзүлгөн.

– Тилекке каршы, мындай жайлардын айрымдары укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерлеринин үстүнөн көзөмөл органдарына арыз жазышып, кумарканаларды жабууга ниеттенген милиция кызматкерлерине карата басым жасоого аракет жасашууда, – деп айтылат милициянын маалыматында.

Оштогу көмүскө кумарканаларды уюштурганга шектүү катары 9 жайдын тизмеси:

  1. Супаналиева көчөсүндөгү «Прадо» оюн-зоок клубу (шаардык стадиондун жанында);
  2. Раимбеков көчөсүндөгү «Мейгранд» оюн-зоок клубу;
  3. Ленин көчөсүндөгү «Бархан» оюн-зоок клубу;
  4. А.Масалиев көчөсүндөгү «Азык-Ордо» дүкөнүнүн жер төлөсүндөгү оюн-зоок клубу;
  5. «Анар» кичи шаарчасындагы «Миллион» супер маркетине улай жайгашкан оюн-зоок клубу;
  6. Масалиев проспектиси менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок клубу;
  7. А.Новои көчөсүндөгү «Дел люкс» мейманканасынын имаратына улай жайгашкан оюн-зоок клубу;
  8. Райимбеков көчөсүндөгү «Тадж-Махал» мейманканасында жайгашкан оюн-зоок клубу;
  9. Ленин көчөсүндө жайгашкан «Таш-Рабат» универмагына улай жайгашкан оюн-зоок клубу.

Милиция бүгүнкү күндө аталган жайлардын ичинен «Де люкс» жана «Прадо» жайларынын үстүнөн сотко чейинки тергөө амалдары кайрадан жүрүп жатат, деп кошумчалады.

Былтыркы жыл аралыгынан бери «Прадо» оюн-зоок клубунун үстүнөн эки ирет «көмүскө кумарканаларды уюштурууга» шектүү катары иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок, атайын экспертиза «эч кандай кумар оюндарын камтыган белгилери жок» деген корутундусунан улам кыскартылган.

Бирок, бүгүнкү күндө бул оюн-зоок клубунун үстүнөн Ош шаардык милициясы үчүнчү ирет дагы көмүскө кумарканаларды уюштурганга шектүү катары каттап, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул фактыылар боюнча кайрадан эле КР жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык экспертизага берилген.

Ал эми А.Навои көчөсүндө жайгашкан «Де-люкс» оюн зоок клубу буга чейин 2018-жылы эки ирет кумар оюндарын уюштурганга шектүү катары каралып, эки ирет теӊ атайын экспертиза «кумар оюндарын ойноткон белгилери жок» деп корутунду акт бергендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Мындайча айтканда иш жабылган.

Ошого карабастан Ош шаардык ички иштер башкармалыгын 2019-жылдын 18-март күнү кайрадан үчүнчү ирет«Де люкс» жайына карата «кумар оюндарын ойнотууга шектүү катары иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан.

Ал эми 13-май күнү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан төртүнчү ирет аныкталган. Бул фактыылар боюнча кайрадан эле КР жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык экспертизага берилген.

Ал эми калган 7 оюн-зоок клубдары Ош шаардык милициясынын аракети менен жабылган.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаттары айтып келишет.

Пикир

Оставить комментарий