• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЮНИСЕФ: Йемендеги согуштун айынан 7300 бала каза тапты

Дүйнө 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2014-жылы Йемендеги согуш башталгандан бери азыркы учурга чейин 7300 бала каза тапканын маалымдады.

ЮНИСЕФтин директору Генриэтта Фор БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Йемен тууралуу жыйынында, куралдуу кагылыш Йемендин 1,2 миллион бала жашаган 30 аймагында дагы деле жаңжал уланып жатканын билдирди.

Анын айтымында, согуштун айынан күн сайын бир бала өлөт же жаракат алат, ошондой эле алдын алууга мүмкүн болгон оорулардан жана начар тамактануудан улам ар бир 10 мүнөт сайын бир бала өлөт, деп жазат Anadolu агенттиги.

Генриэтта Фор Йемендин Аль-Ходейда провинциясындагы абал тынч экенин, ал эми Абас, Хаже, Таиз, Аль-Дали жана башка аймактардагы чыр-чатак күч алганын маалымдады.

Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүн йемендик балдарды колдоого чакырды. Ошондой эле ал чыр-чатак болуп жаткан аймактарга тезинен гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Йемендеги кагылышкан тараптарды жол ачууга чакырды.

Анын айтымында, ок атпоо режими киргизилсе балдарга вакцинация жүргүзүү мүмкүн болот.

Эске салсак, Йемендеги бийлик талашкан жаңжал 2014-жылы башталып, азыркы учурга чейин уланып келет.

Пикир

Оставить комментарий