• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте иштеп жаткан жашы жете элек 18 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 09.08.18. /Кабар/. Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери акимиат менен бирге “Эмгек” аталышындагы рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан (ШИИББ) билдиришти.

Биринчи май районунун аймагында жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери райондук администрация, муниципалдык аймактык башкармалык менен бирге “Эмгек” профилактикалык иш-чарасын өткөрүшкөн. Аталган рейд балдар эмгегин колдонууну жок кылуу профилактикасы максатында жүргүзүлгөн.

Рейддик иш-чара базарларда, техникалык тейлөө станцияларында, унаа жуучу жайларда өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында 18 жашы жете элек бала иштеп жаткандыгы аныкталган. Алар текшерүү учурунда ата-энелерине жардам берип жатышкан. Рейддин алкагында жумуш берүүчүлөр, ата-энелер жана жашы жете электерге 14 жашка чейинкилерди иштетпөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий