• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүштү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелери боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин талаада биргелешип изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстан Респуликасынын аймагында өтөрү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий