• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атада Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясынын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Кечээ, 26-июлда Чолпон-Ата шаарында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясынын XXIV жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын атайын кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Россия менен Венгриянын атайын кызматтарынын делегациялары конференцияга байкоочу катары катышты.

Жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы жана Афганистандагы террористтик ишмердүүлүк аймагындагы учурдагы кырдаалдын контекстинде түрк мамлекеттеринде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатында атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Конференциянын катышуучулары Афганистандан жана Сириянын куралдуу кагылышуу зонасынан келип чыккан жана терроризмдин жана диний экстремизмдин жайылышына байланыштуу террористтик коркунучтарды локалдаштыруу боюнча жооп кайтаруу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин макулдашты.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын президентинин түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуусу болду. Садыр Жапаров жолугушуунун катышуучуларына түрк мамлекеттеринин кызыкчылыктарына таасир этүүчү тышкы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип иштөөдө атайын кызматтардын тыгыз кызматташуусунун жана күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары тарабынан ачык диалог болуп, угулган баяндамалар боюнча пикир алмашуу болуп, анын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү чечими кабыл алынды.

Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясы 1998-жылы түзүлгөн. Анын негизги милдети эл аралык мүнөздөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында жана атайын кызматтардын ишинин макулдашылган башка багыттарында натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий