• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чолпон-Атадагы "ЕБ – БА" II саммитин 170тей журналист чагылдырууда

Саясат 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусун чагылдыруу үчүн уюштурулган басма сөз борбору өз ишин баштады.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, басма сөз борборунда журналисттердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. "Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналист чагылдырууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммитине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

Саммитте эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.


Белгилей кетсек, "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" биринчи саммити 2022-жылдын октябрында Астанада (Казакстан) өткөн.

Пикир

Оставить комментарий