• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри жеке мончолордун бассейндерин жабууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров жеке мончолордун бассейндерин жабууну тапшырды. Бул тууралуу ал Ленин районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мэр белгилегендей, мындай чаралар конуштарда ичүүчү суунун жетишсиз жана аз болуп жаткандыгынан киргизилүүдө.

“Жарандар жана жеке мончолор бассейндерди крандагы суу менен толтурушат. Мен коммерциялык мончолордун бассейндерин жабуу боюнча тапшырма бердим, анткени калк үчүн ичүүчү суу тартыш болуп жатат. Дарыяларда суунун көлөмү аз. Бак-дарактарды, газондорду сугарууга суу жетишсиз”, - деди ал.

Ошондой эле мэр баса белгилегендей, Арча-Бешик конушуна жаңы скважина курулат. Иш 1,5 айга созулмак, бирок эки мөөнөт менен иштеп аны эки жумада бүтүрүү тапшырылды.

Калаа башчысы жаңы конуштарда суу менен камсыз кылуу маселеси акырындык менен чечилерин, мэрия узак мөөнөттүү программа иштеп чыгарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий