• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон Шаикова Чүй облустук "СТВ" телеканалынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.02.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Шаикова Чолпон Кавылбековна Чүй облустук медиа борборунун(СТВ) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Чолпон Шаикова эмгек жолун 1993-1994-жылдары жеңил өнөр жай колледжинде кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштаган.

Ал көп убакыт Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык кабарчысы болуп эмгектенген.

2001-2006-жылдары "Кызыл Жарым Ай" коомунун Ысык-Көл облустук комитетинин төрайымы;

2003-2006-жылдары Ысык-Көл областтык маданият башкармалыгынын орун басары;

2003- 2007-жылдары Чолпон-Ата шайлоо комиссиясынын төрагасы;

2008-2012-жылдары Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, 2004-2007-жылдары. Чолпон-Ата шаарынын жаштар комитетинин төрайымы;

2016-жылы – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, 2014-жылы катчылыкта медиа координатор болуп иштеген;

2015-жылы Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясында коомчулук менен байланыш боюнча адис кызматын аркалаган;

2016-2021-жылдары Ысык -Көл облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон.

Билим жогорку. 1988-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аяктап, "Тарых жана коом таануу мугалими» адистигине ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий