• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чу дарыясынын жээктери желип, Кыргызстан 800 гектар жерин жоготкон — Ажикеев

Коом 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Чу дарыясынын жээктери желип, Кыргызстан 800 гектар жерин жоготкон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, бул жоготууга эч ким көңүл бурбай жатат.

“Жазында президент Садыр Жапаров Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө боюнча тапшырма берген. Бүгүнкү күндө Камышановка жана Токмоктогу участокто иш жүрүп жатат”, - дейт ал.

Ажикеев Чу дарыясы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын бөлүп турган суу жана кыргыз тараптагы жээк желип жатканын айтат.

“Казакстан дайыма жээктерин бекемдеп келет. Быйыл кыргыз тараптагы жээктин желип жатканын токтотобуз”, - деп айтат министр.

Пикир

Оставить комментарий