• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чукул кабар: Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 16-17-август куңдөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, 17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 17-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда абдан катуу жаашы мүмкүн.

18-19-августтарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-21-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-августта кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 22-23-август күндөрү тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий