• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чукул кабар! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 1-июнда күндүз жана 2-5-июнь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 1-июнда күндүз Кыргызстандын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 2-3-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда, 4-5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-июндарда кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Үстүбүздөгү жылдын 2-5-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

3-июнга чейин күтүлгөн аба ырайы

30-31-май күндөрү жана 1-июнда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

1-июнда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

2-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында,Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 3-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-3-июнь күндөрү Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-июнда кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 30-31-майда жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-майда шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет, 1-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми Ош шаарында болсо 30-31-май күндөрү жана 1-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-майда шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет, 1-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий