• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чукул кабар! Тоолорго кар жаап, үшүк жүрөт

Коом 0

Бишкек, 14.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты.

Ага ылайык, 15-16-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий