• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Эсенгул уулу БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз жараны концепциясын биргеликте ишке ашырууну илгерилетүү жана анын социалдык биримдикти чыңдоодогу маанилүүлүгү, ошондой эле өнөктөштүктүн алкагында өз ара иш алып барууну мындан ары дагы күчөтүү маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, тынчтыкты куруу инфраструктураларынын артыкчылыктуу негиздери каралды.

Кыргыз жараны концепциясын ишке ашырууда БУУ жана анын Кыргыз Республикасындагы агенттиктери негизги өнөктөштөр болуп саналышат.

Пикир

Оставить комментарий