• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эл аралык адистештирилген эки көргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бишкекте эл аралык адистештирилген көргөзмөлөр өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2-4-апрелде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аренасында “Кыргызстандагы саламаттык сактоо жумалыгы – MedExpo 2024” 18-эл аралык адистештирилген көргөзмөсү өтөт.

Ошондой эле 23-25-апрелде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана маданият академиясынын аренасында 21-эл аралык адистештирилген “Курулуш жана интерьер – KyrgyzBuild 2024” көргөзмөсү өтөт.

Белгилей кетсек, ага дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн - Беларусь, Италия, Иран, Испания, Польша, Пакистан, Россия, Түркия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан 156дан ашык компания катышат.

Маалымат үчүн : BiExpo көргөзмө компаниясы ар кандай темадагы эл аралык көргөзмөлөрдү жана форумдарды уюштурууга адистешкен.

Пикир

Оставить комментарий