• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышууну токтотуу жөнүндө резолюциясын кубаттайт

Саясат 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу жөнүндө 2024-жылдын 25-мартында кабыл алынган резолюциясын кубаттайт жана бул чечим жакын арада ишке ашырылышына ишеним артат.

КР ТИМден билдиришкендей, Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин күч-аракеттерин бириктирүүнү, согуш аракеттерин мүмкүн болушунча тез арада толук токтотууну жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти жөнгө салууну, саясий диалогду баштоону жана Палестина-Израиль чыр-чатагын “эки эл үчүн эки мамлекет” принцибинин негизинде БУУнун резолюцияларына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактайт.

Пикир

Оставить комментарий