• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, "Крокус сити холлдогу" терактын кесепетинен курман болгондорго көңүл айтты.

Ведомстводон билдиришкендей, КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы бул окуяны кескин айыптап, эл аралык терроризмге каршы күрөштө кыргыз тарап колдоорун билдирди жана бул багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

ТИМ башчысы кыргыз тарап бул трагедиянын кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жеткирүү өтүнүчүн билдирди. Трагедияда жапа чеккендердин бардыгын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарапка трагедиядан кийин дароо эле эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөндүгү жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар байланыштарды улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий