• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жаңы экономикалык саясат иштелип чыгат

Экономика 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы экономикалык саясат иштелип чыгат. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын жогорку кызматындагы аткаминери брифингде билдирди.

Анын айтымында, программа экономикалык өсүштүн темпин тездетүүгө багытталат.

Чиновник ошондой эле жаңы саясаттын алкагындагы долбоорлордун бири президенттин "Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы экенин баса белгиледи.

Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы 27,25%дан 12,25%га төмөндөдү.

Эскерте кетсек, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдарга жана рентабелдүүлүгү жогору тармактарга, мисалы:
– тоо-кен ишканалары;
– алкоголдук продукцияларды, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуучу чарба жүргүзүүчү субъекттер;
– уюлдук байланыш чөйрөсүндө иштеген субъекттер;
– Интернет провайдерлери;
– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер.

Пикир

Оставить комментарий