• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыры мушташка айланып, бөтөлкөлөшүн өлтүргөн 33 жаштагы шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.17. /Кабар/. Бөтөлкөлөшүн өлтүрүп, таштап кеткен шектүү кармалды. Сокулук РИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында болжол менен саат 04:00 чамасында жаңы конуштардын биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

“Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 30-35 чамасындагы азият улутундагы эркек адамдын сөөгүн табышкан. Маркумдун денеинде көптөгөн жаракаттар болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, ал 33-жаштагы К.Б., аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, ыкчам-иликтөө иш-аракеттин жүрүшүндө кылмышка шектүү 33-жаштагы М.М., аттуу жаран кармалган.

“Окуя болгон күнү маркум менен шектүү спирт ичимдигин ичишкен. Жолдон уруша кетип, өз ара мушташа кетишкен. Шектүү маркумдун денесине оор жаракат келтирип, өлтүрүп, жерге таштап, үйүнө кетип калган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди, териштирүү амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий