• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨР Өкмөтү менен Ош шаарында мектеп куруу жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.

Макулдашууда өзбек тараптын каражатына Ош шаарында 630 орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу жана обьектти кыргыз тарапка менчикке акысыз өткөрүп берүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий