• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. 42 бейтаптын абалы оор, анын ичинен 12 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 42 бейтаптын абалы оор, анын ичинен 12 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“635 адам ооруканаларда дарыланууда. Анын ичинен 42 бейтаптын абалы оор − 12 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 213 адамдын абалы орточо оор, 380 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди ал.

Оорунун белгилери байкалбаган 1164 бейтап үй көзөмөлүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктурган 228 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3954тү түзөт. Алардын ичинен 2112 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий