• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Бишкекте күндүзгү стационарлар даярдалды — даректери

COVID - 19 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады, - деп билдирет коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб.

Ленин району:
№96 мектеп (Ак-Ордо ж/к) 30 койко-орундук;
№95 мектеп (Жал кичи району) 50 койко-орундук.

Биринчи май району:
№81 мектеп ( «Ак-Босого» ж/к, Профессор Зима көч, 262) 40 койко-орундук;
№69 мектеп (Айни көч, 13) 120 койко-орундук.

Октябрь району:
№39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 койко-орун;
№63 (кичи район №11-9/1) 40 койко-орун.

Свердлов району:
№4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) - 50 койко-орундук;
№ 65 лицей - 60 койко-орундук.

Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий