• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Бишкектеги стационарларда саат 08:00гө карата 629 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 2-август, саат 08:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 629 бош орун бар.

- Улуттук хирургия борборунда – 17;

- Улуттук физиатрия борборунда – 3;

- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 45;

- №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 23;

- №1 шаардык клиникалык ооруканада – 75;

- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 15;

- Чүй облустук бириктирилген ооруканада – 22;

- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 52;

- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 36;

- Улуттук госпиталь: Урология корпусунда – 18;

- Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь – 41;

- Республикалык наркология борборунда – 32;

- Аскер госпиталында – 18;

- Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде – 179;

- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 31;

- КММА фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 22 орун бар.

Кошумча маалыматты картада көрсөтүлгөн телефон номерлер боюнча тактап алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий