• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар. Илдет 205 адамдан аныкталып, төрт бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 31-январга карата коронавирус 205 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 123, Чүй облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 23,Баткен облусунда – 13, Жалал-Абадс облусунда – 10, Талас облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 2, Нарын облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 596 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт кыргызстандык каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 80 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 238 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган сегиз медициналык кызматкер катталды, Бишкекте - 4, Баткенде -1, Чүй облусунда – 3. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7 миң 697 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада үй карантининен тогуз медкызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча 7 миң 157 медициналык кызматкер айыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 187 миң 596 киши айыгып чыкса, 2 миң 880 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий