• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Клиникалык протоколдун төртүнчү версиясына бир да эксперименталдык дары киргизилген жок - Кутманова

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун төртүнчү версиясына бир да эксперименталдык дары киргизилген жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы кеңешчиси-инфекционист Айнура Кутманова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо клиникалык проктоколдор боюнча жүргүзүлөт.

"Клиникалык протокол нормативдик документ болуп эсептелет. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилет. Бул документте медициналык жардам берүүнүн талаптары белгиленген. Дарыгерлердин баары өзүнүн ишин ошол протоколдорго ылайык жүргүзөт", - деди ал.

Ал белгилегендей, учурда дүйнөдө COVID-19 боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Айрыкча дарылоо жана алдын алуу чараларына көбүрөөк көңүл бурулуп жатат.

"Анткени ал маселелер так аныктала элек. Бүгүнкү күнү биз жаңы чыккан маалыматтарды колдонуп биздин протоколдун төртүнчү версиясын даярдап жатабыз. Биздин эксперттер жаңы маалыматтарды топтоп, аларды анализ кылып биздин өлкөгө ылайык келген сунуштарды документке киргизип жатабыз. Клиникалык протоколдун төртүнчү версиясы боюнча Москвадан жана Уфадан келген дарыгерлер менен да талкуулоо өткөрдүк. Биздин кесиптештер өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, ой-пириклерин айтты. Жалпылап айтканда, протоколдун төртүнчү версиясына эксперименталдык бир да дары киргизилген жок. Анткени бүгүнкү күнгө чейин вируска каршы дарылар өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөн жок. Оорунун белгилерине каршы дары-дармектер киргизилип, дарылоо жана реанимация, кош бойлуу аялдарды дарылоо, реабилитация бөлүмдөрү толукталып, жаңыртылып жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий