• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстан Япониянын тажрыйбасын пайдаланат - Ахматов

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кыргызстандагы коронавирустун жайылышын чектеп, аны жок кылуу үчүн Япониянын тажрыйбасы пайдаланылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, жеке гигиена менен тазалыкты сактоо боюнча бир катар эрежелерди так аткаруу жетиштүү. Ошондуктан, инфекцияны жуктуруп албоо жана COVID-19 вирусун жок кылуу үчүн 15 минута сайын жылуу кайнатылган суу ичип, оозду туздуу суу менен чайкоо жана 2 саат сайын бөлмөлөрдү дезинфекциялап, желдетип, эл чогулган жерге барбай туруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий