• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 91 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 91 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Алардын ичинен 63 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 21 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган.

Алсак, аймактар ​​боюнча: Бишкек шаарында – 75, Ошто – 5, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1.

Бүгүнкү күндө 85 адам амбулатордук түрдө, 16 адам ооруканада дарыланууда.

Белгилей кетсек, жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 201 505 учур катталып, өлүмдүн көрсөткүчү 1,5%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий