• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 2 миң 593 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 8 миң 309 адам алды, жалпы 1 млн 399 миң 788 адам;
- экинчи дозасын 717 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 136 миң 934 адам;
- бустердик дозаны 2593 адам алды, алардын жалпы саны 101 миң 110 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий