• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу 220 аппарат жетишпейт - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу 220 аппарат жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө жасалма дем алдыруучу 572 аппарат бар.

“Пандемия башталгандан бери гуманитардык жардам катары 23 аппарат келген. Дагы 63 аппаратты сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн. Ошондой эле Өзбекстан гумжардам катары 100 BiPAP аппаратын жиберген. Учурда аппараттарды стационарларга бөлүштүрүү иштери жүрүүдө”, - дейт ал.

Акматова кошумчалагандай, өлкөдө 610 кычкылтек концентратору болгон. Мурунку жумада Кытайдан 1 миң концентратору алынган жана Түркия, Кытайдан дагы концентраторлордун келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий