• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Өлкө аймагында 1 миң 78 адам стационарларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагында 1 миң 78 адам стационарларда дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, стационарда 1 миң 78 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 411 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 4-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 244 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 428ди түзөт. Алардын ичинен 43 миң 418 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий