• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Өлкө аймагындагы стационарларда 819 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы стационарларда 819 бейтап коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, стационарда 819, амбулатордук түрдө 1455 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 30-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 147 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 669ду түзөт. Алардын ичинен 42 миң 879 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий