• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Нарын облусунун ооруканаларында 37 адам дарыланууда, 3 бейтаптын абалы оор

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Учурда Нарын облусунун ооруканаларында 37 адам коронавирус жана пневомниядан дарыланууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын (пневмонияны эсепке алганда) жалпы саны 1 миң 651 адамды түзөт.

"Алардын ичинен 687 адам коронавирус жуктургандар болсо, 964ү - пневмония менен ооругандар. Алардын ичинен 1 миң 532 киши айыгып чыкты - 660ы коронавирустан, пневмониядан - 872 адам. Тилекке каршы 62 адам көз жумду. Азыркы учурда 37 адам дарыланууда. Алардын ичинен 3 бейтаптын абалы оор, калгандарыныкы туруктуу десе болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий