• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков Айтматовдун Таластагы айкелине гүлчамбар койду

Аймак 0

Талас, 08.11.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы Ч.Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду. Бул иш-чара улуу жазуучунун 90 жылдыгын Талас облусунда белгилөөнүн алкагында болуп өттү.

Иш-чарага жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев, ЖКнын депутаттары катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-ноябрда Талас облусунда жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган Манас айтуу, эр эңиш, ат чабыш, кыргыз күрөшү, көк бөрү боюнча финалдык оюндар болот. Андан тышкары Капар Медетбеков атындагы драма театрда төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий