• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Ооруканаларда 495 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 495 адам ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы оор − эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 88 адамдын абалы орточо оор, 397 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-июнга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2093тү түзөт. Алардын ичинен 1572 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий