• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеңеште тиешелүү эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеште тиешелүү эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"Парламентте адистер бардык зарыл иш-чараларды жүргүзүүдө. Учурда вирус аныкталган адам менен байланышта болгон жактар текшерүүдөн өтүүдө", - дейт ал.

Үсөнбаев парламенттеги жыйындарда санитардык эрежелер канчалык деңгээлде сакталып жатканын айтты. "Беткап кийүү коронавирус менен күрөшүүдө маанилүү жана керектүү чаралардын бири болуп саналат. Депутаттар муну туура түшүнүп, тийиштүү чараларды көрөт деп ишенем", - дейт Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий