• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын бир күндө 2 миң 620 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын) бир күндө 2 миң 620 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен Бишкекте – 212, Ошто – 350, Чүй облусунда – 327, Ош облусунда – 537, Талас облусунда – 149, Нарын облусунда – 118, Ысык-Көл облусунда – 215, Жалал-Абад облусунда – 648, Баткен облусунда – 64 адам эмделди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий